13.02.25
Кыргызстанга акыркы эл аралык рейтингдерге ылайык, болжол менен 2 миллиард доллар түз чет элдик инвестиция тартылды. Бул тууралуу, Биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев жыйын учурунда билдиргендигин “Tazabek” маалымат кызматы жазып чыкты.
Анын айтымында, мындай динамика быйыл да сакталып калат. Өкмөт ири гидроэлектростанциялардын, анын ичинде Үстүңкү-Нарын каскады, Көкөмерен жана Казарман гидроэлектростанцияларынын (ГЭС) курулушун баштоону пландаштырууда. Бир катар меморандумдарга кол коюлган, бирок алардын ишке ашырылышын камсыздоо үчүн өкмөт электр энергиясын өндүрүүдөгү мамлекеттик монополияны азайтуу боюнча чараларды көргөнүн белгиледи Амангельдиев.
Ал ошондой эле учурда күн жана шамал энергетикасы сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана өлкөнүн гидропотенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстандагы инвестициялык саясат чет элдик капиталды колдоого жана алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Энергетика тармагы электр энергиясын өндүрүү менен гана чектелбестен, мунайды кайра иштетүү, жергиликтүү мунай продуктыларын өндүрүү жана сырьелук ресурстарды натыйжалуу пайдалануу иштерин да камтыйт, деп кошумчалады вице-премьер.