24.02.25
31-мартта Худжанд шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын тарыхтагы алгачкы үч тараптуу саммити өтөт. Бул тууралуу, Женевада өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясында, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди.
Байсалов БУУнун жогорку трибунасынан сүйлөп жатып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын линиясы толук макулдашылганын жарыялап, бул окуяны "дипломатиянын жана саясий эрктин тарыхый жеңиши" деп атады.
Эдиль Байсалов: “Бул келишим Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун алысты көрө билген жетекчилиги жана анын аймакта тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тынымсыз аракеттеринин аркасында мүмкүн болду. Биз эң татаал маселелер да диалог, өз ара сый-урмат жана ишеним аркылуу чечиле аларын далилдедик”, - деп белгилеп өттү.
Ошондой эле, ал 31-мартта Худжанд шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын тарыхый үч тараптуу саммити өтөрүн билдирип, бул иш-чара регионалдык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болорун баса белгиледи.