24.02.25
Казакстанга расмий иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Адылбек Касымалиев 2024-жылдын тогуз айында казакстандык компаниялар, Кыргызстандын экономикасына дээрлик $49 миллион инвестиция салганын белгиледи. Инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү максатында, өткөн жылы өкмөттөр аралык жаңыланган өз ара инвестицияларды коргоо жана колдоо боюнча макулдашууга кол коюлган. Анын айтымында, бул документ эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди андан ары чыңдоо үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Мындан тышкары, 24-февралда Адылбек Касымалиев Казакстанга барып, өлкөнүн премьер-министри менен 2025–2027-жылдарга карата кызматташтык боюнча комплекстүү планга кол коюу маселесин талкуулады. Ал соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, негизги демилгелерди атады:
- Чек арада соода-логистикалык комплекс куруу,
- Таш-Көмүр шаарында ферросплав заводун ачуу,
- Мунайды бажы төлөмүсүз жеткирүү,
- Жемиш жана жашылча сактоо үчүн кампаларды түзүү.
Бул демилгелер, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.