25.02.25
Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Биринчи вице-премьер-министри Данияр Амангельдиев Венгриянын Улуттук экономика министри Мартон Надь менен жолугушту.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде соода, инвестициялар, логистика жана эмгек миграциясын талкуулашты. Амангельдиев өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана мамлекет башчыларынын колдоосу менен түзүлүп жаткан динамикалуу мамилелерди белгиледи.
Көрүшмөдө “Кыргызстан-Венгрия” өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ал жакынкы убакта өзүнүн уставдык капиталын 34 миллион долларга көбөйтөт. Мында венгрия тарап, Кыргызстан тарабынан даярдалган долбоорлорду, айрыкча айыл чарба жана энергетика тармактарын карап чыгууга даяр экендигин билдирди.
Өлкөлөр арасындагы соода мамилелерин өнүктүрүү темасы да козголду. Данияр Амангельдиев эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүнүн жана экономикалык кызматташууну кеңейтүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле эмгек миграциясы боюнча маселелер талкууланды. Кыргызстандын жарандарын Венгрияда ишке орноштуруу боюнча келишимди ишке ашырууну улантуу боюнча макулдашууга жетишилди. Мартон Надь Кыргызстанды достук мамиледеги өлкө деп атап, эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.