03.03.25
Бишкекте Түркиянын бизнес делегациясына, Кыргызстанды тааныштыруу сапарынын алкагында, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. Анын жүрүшүндө, Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Түркиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түркиялык делегациянын курамына соода, курулуш, айыл чарба жана туризм тармактарында иш алып барган алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү кирди. Жолугушуунун негизги максаты, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүү маселелерин талкуулоо болду.
Министрдин орун басары кыргыз-түрк мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстан Түркиядан инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана жаңы биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Ошондой эле тараптар Кыргызстан-Түркия өкмөттөр аралык кызматташтыгынын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө, түркиялык ишкерлер экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдирип, Кыргызстандагы соода байланыштарын кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.
Жыйынтыгында, тараптар сунушталган демилгелерди тереңдетип талкуулоо үчүн профилдик мекемелер жана ишкер чөйрөлөрдүн деңгээлинде диалогду улантууну макулдашышты.