01.03.25

“Кыргыз почтасы” жана Кыргызстандын Экономика министрлигинин Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү почта жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкө ортосундагы электрондук сооданы кеңейтүү максатында кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы  маалымдады.

Документке “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана ведомствонун соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков кол коюшту.

Келишим почта жана логистикалык процесстерди оптималдаштырууну, жеткирүү убактысын тездетүү үчүн жаңы транспорттук маршруттар менен почта түйүндөрүн өнүктүрүүнү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн инновациялык технологияларды ишке киргизүүнү камтыйт.

Бул меморандум, Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого жана эл аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө багытталган. “Кыргыз почтасы” ААК почта инфраструктурасын модернизациялоону улантып, заманбап санариптик жана логистикалык чечимдерди ишке ашырат.

https://economist.kg/novosti/2025/02/28/kyrghyzstan-i-turtsiia-podpisali-miemorandum-o-razvitii-eliektronnoi-torghovli-i-loghistiki/