05.03.25

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун Бакуга расмий сапарынын алкагында, Азербайжандын президенти Илхам Алиев аны кабыл алды. Жолугушууда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден жылуу саламдар жеткирилди деп билдирет “Primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдө, Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен соода-экономикалык кызматташтык, транспорттук-логистикалык тармактагы өз ара аракеттенүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

2024-жылы Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү 533 миллион долларды түздү. Казакстан Азербайжанга 130 түрдүү кайра иштетилген товарларды 340 миллион доллардан ашык суммага жеткирүүгө даяр экенин билдирди. Транспорттук-логистикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Өткөн жылы Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту аркылуу жүк ташуу көлөмү 62% пайызга өсүп, 4,5 миллион тоннага жеткен. Ошондой эле эки өлкөнүн темир жол системаларынын “Digital Trade Corridor” платформасы толугу менен интеграцияланды.

Тараптар өз ара соода көлөмүн мындан ары да жогорулатууга аракет кылуу ниетин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алардын ичинде, Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы суу астындагы була-оптикалык байланыш линиясын долбоорлоо жана куруу боюнча документ да бар. Бул долбоор Азия менен Европанын ортосунда маалымат алмашууну кеңейтүү, байланыштын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын президенттери үч өлкөнүн энергетикалык системаларын интеграциялоо боюнча стратегиялык келишимге кол коюшкан.

https://kapital.kz/economic/134895/kazakhstan-i-azerbaydzhan-podpisali-dokument-o-podvodnoy-volokonno-opticheskoy-linii-svyazi.html