14.03.25.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Көрүшмө учурунда 2024-жылдын 6-ноябрында болуп өткөн, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын, Бишкек саммитинин жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстандын аталган уюмга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.
Мамлекет башчысы, Кыргызстан уюмдун алкагында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө активдүү катышууну улантып, жалпы региондун туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө салым кошоорун белгиледи.
Өз кезегинде башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) боордоштук мамилелерди жана регионалдык ынтымакты чыңдоого багытталган бардык аракеттерди колдоого даярдыгын баса белгилеп, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин ортосундагы Мамлекеттик чек ара келишимине кол коюлушу менен куттуктады.
Кубанычбек Өмүралиев: “Бул маанилүү кадам сиздин саясий эркиңиздин, дипломатия жана диалогдун аркасында ишке ашты. Борбор Азияда жана анын чегинен сырткары бекем тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жол ачат”, - деп белгилеп өттү.
Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровго уюмдун катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, Бишкек саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган документтерди жана чечимдерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле уюмдун колдоосу менен өтө турган иш-чараларга даярдыктар тууралуу маалымат берди.
https://kabar.kg/news/prezident-tmunun-bashky-katchysy-kubanychbek-mralievdi-kabyl-aldy/