01.04.25
2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрү Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан 28,6 миллион чет элдик туристерди кабыл алышты. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 11% пайызга көптүк кылат. Бул тууралуу “Upl.uz” маалымат кызматы жазды.
Мындай көрсөткүчтөр эл аралык саякатчылардын регионго болгон кызыгуусу туруктуу өсүп жатканын далилдейт. Борбор Азия мамлекеттери туристтик жагымдуу багыт катары өз позициясын бекемдөөнү улантууда.
Туристтердин жалпы агымына эң чоң салым кошкон өлкө Казакстан болду 2024-жылы бул өлкөгө 15,3 миллион чет элдик турист келген. Алардын ичинен 10,4 миллион турист өлкөдө бир күндөн ашык убакыт өткөргөн, бул узак мөөнөттүү сапарларга болгон кызыгуу бар экенин көрсөтөт.
Экинчи орунду Кыргызстан ээлеген өлкөгө 8,6 миллион турист келген. Өзбекстан болсо жалпы туристтердин саны боюнча башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн көрсөткүчкө ээ болгонуна карабастан, эң жогорку өсүү темпин көрсөтүп 20% пайыздык өсүштү камсыздаган. 2024-жылы Өзбекстанга болжол менен 8 миллион турист келген.