04.04.25

Кыргызстандын Айыл чарба министри Бакыт Торобаев Венгриянын элчиси Шандор Дороги, Венгриянын Айыл чарба жана илим университетинин (MATE) ректору Чаба Дьюрич жетектеген делегация жана Кыргыз мамлекеттик  айыл чарба университетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда адистерди даярдоо, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү баштоо, тажрыйба алмашуу жана Кыргызстанда экспорт үчүн үрөн өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Венгрия тарап малина жана карагат сортторун жергиликтүү шарттарга ыңгайлаштырууга, кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүүгө кызыгуусун билдирди.

Мындан тышкары, айыл чарба тармагында кыргыз студенттери үчүн 20 квота бөлүү менен билим берүү программасын баштоо маселеси каралды.

Бакыт Төрөбаев илим жана билим берүүнү өнүктүрүү, Кыргызстандын агроөнөр жай саясатынын беш негизги багытынын бири экенин белгиледи. Ал заманбап ыкмаларды колдонуу жана тармактын потенциалын бекемдөө үчүн эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

https://economist.kg/agriculture/2025/04/04/kyrghyzstan-i-vienghriia-obsudili-eksport-siemian-i-podghotovku-aghrospietsialistov/