28.04.25
Түркия Улуу Улуттук жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Бишкекте Кыргызстандын Жогорку Кенешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушту. Андан соң Нуман Куртулмуш жана Нурланбек Тургунбек уулу делегациялар аралык жолугушууга төрагалык кылышты.
Түрк дүйнөсүнүн бар болушу дүйнөлүк тынчтыкты камсыз кылуу үчүн да маанилүү мүмкүнчүлүк болуп саналат
Куртулмуш жолугушуу учурунда, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын (TBMM) атынан күчтүү делегация менен ата-журт Кыргызстанда болуудан чоң канааттануу сезимин билдирип, меймандостугу үчүн Кыргызстандын Жогорку Кенешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна ыраазычылык билдирди. Нуман Куртулмуш бул сапар, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун лидерлиги астында эки өлкө ортосундагы достук мамилелерге салым кошот деген үмүтүн айтты.
Нуман Куртулмуш дүйнөдөгү акыркы окуялардын алкагында түрк дүйнөсүндөгү биримдиктин маанилүүлүгүнө токтолуп: “Түрк дүйнөсү үчүн да, дүйнө үчүн да жаңы мүмкүнчүлүк жаралганын баса белгилеп кетким келет. Борбордук Азиядан Анадолуга, андан Европага чейин жайылган бул кеңири аймакта 300 миллионго жакын калкы менен түрк дүйнөсү жаңыдан жаркыраган жылдызга айланды. Жаш калкы, жаратылыш байлыктары жана стратегиялык орду менен көп борборлуу жаңы дүйнөдө түрк дүйнөсү өзгөчө мааниге ээ болот. Биз бул мүмкүнчүлүктү туура жана натыйжалуу пайдаланышымыз керек. Түрк дүйнөсүнүн ушул кеңири аймакта күчтөнүп өнүгүшү дүйнөлүк тынчтыкты камсыз кылуу үчүн да чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат,” – деп белгилеп өттү.
Түркия-Кыргызстан кызматташуусу билим берүү тармагында дагы да тереңдейт
Кыргызстандын Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) жана Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына (TÜRKPA) көрсөткөн чын ыкластуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Куртулмуш, Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) менен TÜRKPAнын бар болушу абдан маанилүү экенин жана бул эки түзүмдү мындан ары дагы өнүктүрүү керектигин баса белгиледи.
Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер бардык тармактарда жакшы өнүгүп жатканын айткан Куртулмуш, эки тараптуу соода жүгүртүүдө коюлган 5 миллиард долларлык максатка жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонуу керектигине көңүл бурду.
Куртулмуш Түркия менен Кыргызстандын билим берүү тармагындагы конкреттүү кызматташтыгынын бир мисалы катары Кыргыз-Түрк “Манас” университетин атады. Ал бул университет миңдеген бүтүрүүчүлөрү аркылуу Кыргызстандын жана Борбордук Азия мамлекеттеринин өнүгүшүнө салым кошуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле, “SAPAT” билим берүү мекемелеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүп берилгенине канааттангандыгын билдирген Куртулмуш, Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен катар Түркия “Маариф” фонду аркылуу эки мамлекеттин кызматташтыгы билим берүү тармагында дагы тереңдеп өнүгө турганын белгиледи.
Куртулмуш, Кыргызстандын аймагында Юнус Эмре Институтунун ачылышына колдоо көрсөтүүнү суранып, бул мекеменин иштеп башташы менен эки элдин ортосундагы мамиле дагы да жакындашарын кошумчалады.
Түркия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, биз бул мамилелерге өзгөчө маани беребиз
Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркия Улуу Улуттук жыйынынын (TBMM) Төрагасы Нуман Куртулмушту Кыргызстанга расмий сапар менен келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Куртулмуш мырзанын он жыл мурун Кыргызстанга Премьер-министрдин орун басары катары жасаган сапары эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө олуттуу салым кошконун баса белгиледи.
Нурланбек Тургунбек уулу бүгүнкү жолугушуунун алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты, айрыкча парламенттер аралык байланышты мындан ары да чыңдоого түрткү болоруна ишеним билдирди. Ал Түркия менен Кыргызстандын билим берүү, саламаттык сактоо жана аскер тармактарындагы кызматташтыгынын өзгөчө маанисин белгиледи.
Ошондой эле, “SAPAT” билим берүү мекемелеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшү менен билим берүү ишмердүүлүгү үзгүлтүксүз улантылып жатканын, Бишкек шаарындагы Режеп Тайып Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк Достук мамлекеттик ооруканасы саламаттык сактоо тармагындагы маанилүү долбоорлордун бири экендигин баса белгилеп, түрк тарапка ыраазычылык билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы эки мамлекеттин президенттери койгон 5 миллиард доллар көлөмүндөгү эки тараптуу соода жүгүртүүнүн максатына жетүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын жана бул багытта мындан аркы аракеттер зарыл экенин белгиледи.
Кызматташтык протоколуна кол коюлду
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркия Улуу Улуттук Жыйыны менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин ортосундагы кызматташтык протоколуна кол коюшту. Андан соң, Тургунбек уулу Куртулмуш жана делегацияны Жогорку Кеңештин Жалпы Жыйынынын залы менен тааныштырды.
Жолугушууга Кыргызстандын жана Түркиянын парламентинин өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Мехмет Мустафа Кемал Өкем, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана башка депутаттар катышты.