10.05.25
Кыргызстан жана Түркия социалдык саясат тармагындагы кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташтын жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуу 6-май күнү Анкара шаарында болуп өттү. Тараптар үй-бүлөнү колдоо, аялдардын укуктарын коргоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга жардам көрсөтүү маселелериндеги кызматташтыкты талкуулашты.
Руслан Казакбаев Кыргызстан Түркия менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп, республикада жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын маанисине токтолду.
Өз кезегинде министр Гөкташ Түркиянын социалдык коргоо тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин жана Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу болгон багыттар боюнча кызматташууну бекемдөөгө ниетин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында, эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери арасында жумушчу топторду түзүү тууралуу макулдашууга жетишилди.