18.05.25

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында жаңы көп функционалдуу комплексти куруу үчүн мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мезгил кутусу салынган жерге үч мунарадан турган заманбап 21 кабаттуу комплекс куруларын, анда коопсуздукту, ыңгайлуу логистиканы жана жагымдуу көрүнүштү камсыз кылган алдыңкы технологиялар колдонуларын баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Бета Иншаат Ятырымжылык” компаниясынын Бишкектин соода инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымына баа берип, “Бета Сторес” соода борборлорунун тармагынын ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Ал түрк инвесторлоруна Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына ишеним билдирди.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө басым жасап, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү олуттуу өскөнүн белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климат жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды мындан ары жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы акыркы жылдары, Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш жана инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык маселелерди чечүү боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маалыматтарды берди.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Бишкек таза абасы, кең көчөлөрү, спорттук комплекстери жана маданий объектилери менен заманбап, экологиялык жана жашоого ыңгайлуу шаарга айланарына ишенимин билдирди. Ал долбоордун ишке ашырылышына ийгилик каалап, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка үмүт артарын билдирди.

https://kabar.kg/news/bishkekte-ch-munaradan-turgan-21-kabattuu-komplekstin-kurulushu-bashtaldy/