28.05.25

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Венгриянын элчиси жана венгриялык “H2O” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстандын айылда жашаган  калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Бул тууралуу, Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда тараптар, Кыргызстандын алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарында, Венгриянын “H2O” компаниясы тарабынан иштелип чыккан, колдонууга ылайыкталган мобилдүү контейнердик суу тазалоочу системаларын пайдаланууну ишке ашырууну талкуулашты.

Ошондой эле долбоорду “Венгрия-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстанда суу тазалоочу курулмаларды чогултуучу жергиликтүү завод ачуунун идеясы талкууланды.

Кыргызстан тарап Венгриянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти. Ошол эле убакта Венгриядан келген  делегация мүчөлөрү учурда Кыргызстанда иштеп жаткан таза суу объектилери менен таанышууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар суу менен камсыздоо жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашышты.

https://economist.kg/agriculture/2025/05/28/kyrghyzstan-i-vienghriia-obsudili-stroitielstvo-v-kr-zavoda-po-proizvodstvu-ochistnykh-ustanovok/