28.05.25

Бишкек шаарында 27-май күнү “Түркия-Кыргызстан” Ишкерлер, маданият, ынтымак жана достук коомдук бирикмеси уюштурган “Инвесторлор үчүн кепилдиктер жана стимулдар” темасында бизнес жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем, Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин инвестиция тартуу жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Сукраб Разаков, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчылыгынын башкы юристи Бактыбек Самаков, Улуттук инвестициялар агенттигинин инвесторлорду укуктук жактан камсыздоо, коргоо жана даттанууларды кароо бөлүмүнүн башчысы Жазгүл Кийизбаева жана “TUKID” уюмунун ишкер мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Сукраб Разаков менен Жазгүл Кийизбаева Кыргызстандагы ишкердик жүргүзүү боюнча, Түркиялык ишкерлерге кенен маалымат беришти.

Өз кезегинде, Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем Кыргызстандын бийлигине маанилүү маалыматтар үчүн ыраазычылык билдирип, түрк ишкерлери Кыргызстандын экономикасынын бардык тармактарына инвестицияларды көбөйтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Тараптар кызматташууну өнүктүрүү максатында өз ара диалогду күчөтүүнү  макулдашышты.

https://vesti.kg/zxc/item/139318-v-bishkeke-sostoyalsya-biznes-zavtrak-s-turetskimi-investorami.html