02.06.25

Кыргызстан жана Казакстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жандандыруу жана 2030-жылга чейин эки тараптуу соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга чейин жеткирүү пландары бар экендигин билдиришти.

Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин биринчи төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев, Казакстандын Улуттук экономика министри Серик Жумангарин менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө 30-майда Астанада шаарында өткөн “Астана” эл аралык форумунун алкагында өттү. Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, эки тараптуу иш-чараларга даярдык көрүү жана инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Данияр Амангелдиев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы салттуу жогорку деңгээлдеги мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүп жатканын белгиледи. Өз кезегинде, Серик Жумангарин эки өлкөнүн ортосунда өкмөттөр аралык кызматташтык жемиштүү жүрүп жатканын жана “Кыргызстан-Казакстан” өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны быйыл Казакстанда өтөрүн белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык маселелерин карап чыгып, анын ичинде эки тараптуу соода жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 3 миллиард долларга жеткирүү максатында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жандандырууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуунун экономикалык потенциалын мындан ары да кеңейтүүгө жана  күн тартибиндеги бардык долбоорлорду, пландарды өз убагында ишке ашырууга  даяр экендиктерин билдиришти.

https://economist.kg/vlast/2025/06/02/kyrghyzstan-i-kazakhstan-doghovorilis-aktivizirovat-inviestproiekty-i-uvielichit-tovarooborot-do-3-mlrd/