26.06.25

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында IV Түрк Бизнес-Агрофоруму болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады. Форум түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик өкүлдөрүн, ишкерлерин жана агроөнөр жай секторунун адистерин бир аянтчага бириктирди.

Форумдун расмий ачылышында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, Азербайжандын Айыл чарба министри Мажнун Мамедов, Өзбекстандын Айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Юлдашев, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысынын орун басары Мерей Мукажан жана Түрк соода-өнөр жай палатасынын башкы катчысы Адем Кул саламдашуу сөздөрүн сүйлөштү.

Форум алкагында эки негизги панелдик сессия өткөрүлдү:

Биринчи панелдик сессия “Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана соода: тоскоолдуктардан бизнеске” аттуу темада айыл чарба өндүрүшү, экспорт жана инновациялык ыкмалар боюнча кызматташтыкка арналды. Продукцияны кайра иштетүү, дары чөптөн чай өндүрүү, кооперативдик байланыштар жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагындагы өз ара соода мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелер каралды.

Форумдун жүрүшүндө “Кыргыз Агрохолдинг” компаиясы менен Венгриянын “Umveld” компаниясынын ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Экинчи панелдик сессияда, “Мал чарбасын өнүктүрүү жана генетикалык мурастарды сактоо” деген аталышта айыл чарба биотехнологиясы, селекция жана жаныбарлардын уникалдуу тукумдарын сактоо боюнча адистердин баяндамалары менен коштолду. Өзгөчө кызыгуу жараткан темалардын катарында Ала-Тоо жана Арашан кой тукумдары тууралуу маалыматтар болду.

Мындан тышкары, катышуучулар түрк дүйнөсүндөгү суу ресурстарын башкаруу жана алардын айыл чарбасындагы мааниси тууралуу маселелерди талкуулашты. Иш-чара тажрыйба алмашууга, бизнес байланыштарды бекемдөөгө жана түрк мейкиндигинде айыл чарба кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

https://en.kabar.kg/news/iv-turkic-business-agroforum-held-in-issyk-kul/