17.07.25
Кыргызстандын “Кепилдик фонду” ачык акционердик коому Түркиялык бизнес өкүлдөрүнө, Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кепилдик түрүндөгү колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу фонддун төрагасы Малик-Айдар Абакиров, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мехмет Мустафа Кемал Окем менен жолугушуу учурунда билдирди.
Фонддун маалыматына ылайык, тараптар ишкердикти, өзгөчө экспортко багытталган ишмердүүлүктү колдоо багытында кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Ошондой эле соода-экономикалык байланышты кеңейтүү, айыл чарба секторун өнүктүрүү жана Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Түркия рыногуна экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Малик-Айдар Абакиров “Кепилдик фонду” Кыргызстанда долбоор ишке ашырган ишкерлерге, анын ичинде Түркиянын компанияларына да кепилдик берүүгө даяр экенин ырастады.
Жолугушууда “TIKA” агенттигинин Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон салымына өзгөчө көңүл бурулду.