24.07.25
Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжандык делегация менен жумушчу жолугушууну өткөрдү. Көрүшмө учурунда балык чарбачылыгы үчүн комбикорм заводун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар балык чарбачылыгын сапаттуу тоюттар менен камсыздоо үчүн керектүү инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуунун катышуучуларынын пикиринде, бул балык өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.
Талкуунун жыйынтыгында, тараптар тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу кызматташууну күчтөндүрүү, ошондой эле жакынкы убактарда кошумча консультацияларды өтүп, кызматташуунун пландарын түзүү макулдашылды.