01.09.25
Анкара шаарында 27-август күнү Кыргызстан-Түркия соода боюнча жумушчу топтун экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестициялар улуттук агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Кыргызстандын Инвестициялар улуттук агенттигинин бөлүм башчысы Б. Тыныбеков катышты. Жыйын Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары С. Ахматов жана Түркия Республикасынын Соода министринин орун басары Мустафа Тузджунун тең төрагалыгы астында өттү.
Улуттук агенттик Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде чет элдик инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган эркин экономикалык аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.
Көрүшмөдө сооданы өнүктүрүү, бажы кызматташтыгы жана инвестициялар, 2024-жылдагы эки тараптуу сооданын жыйынтыктары, алдыдагы мезгилдеги перспективалар, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана келишимдик мамилелер талкууланды. Ошондой эле келечектүү товарлардын тизмесин түзүү, тарифтик эмес тоскоолдуктар, эркин экономикалык аймактардагы кызматташтык, жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелери каралды. Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Түркия өкмөт аралык комиссиясынын 12-жыйынына даярдык көрүү да талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана артыкчылыктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин ырасташты.