01.09.25
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленинское айылында жайгашкан “KG TEX” жаңы тигүү фабрикасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, фабрика жылына 1 миллион даана продукция чыгара алат. Ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлдү. Курулуштун жалпы аянты 3200 м² болуп, инвестициянын көлөмү 170 миллион сомду түзөт.
Фабриканын курулушун каржылоо “Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду жана компаниянын өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылды.
Экономика министрлиги белгилегендей, “KG TEX” фабрикасынын ишке кириши аймактын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө, тигүү тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана ата мекендик өндүрүштү колдоого багытталган стратегиялык милдеттерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.