16.09.25
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Дороги Шандор менен жолугушту. Бул тууралуу, Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар 2025–2026-жылдары ишкерлер үчүн бизнес-турларды жана өз ара сапарларды уюштурууну, ошондой эле венгриялык компаниялардын 2025-жылдын 24–25-октябрында Бишкекте өтө турган эл аралык “Kyrgyzstan EXPO–2025” көргөзмөсүнө катышуусун талкуулашты.
Көрүшмө учурунда, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, текстиль тармагы жана энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечектерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдык көрүүнү күчтөндүрүүнү макулдашышты.