16.09.25

Кыргызстан жана Казакстандын “Кыргызаэронавигация” жана “Казаэронавигация” мамлекеттик ишканалары Алматы – Каракол шаарлары багыты боюнча Санташ ашуусу аркылуу жаңы аба трассасын ачуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация”  мамлекеттик компаниясынын басма сөз кызматы  билдирди.

“Кыргызаэронавигациянын” маалыматына ылайык, маршрут заманбап дүйнөлүк авиациянын талаптарына жана RNAV-5 навигациялык спецификациясына ылайык иштелип чыккан, бул тоолуу шарттарда учуулардын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыздайт.

Жаңы аба каттамы 1970-жылдары иштеп турган багытты кайрадан жандандыруу болуп эсептелет.  Каттамды ачуу алдында “Beechcraft King Air 360”  учагы менен биргелешкен жер үстүндөгү текшерүү жана учуу сыноосу өткөрүлүп, анын эл аралык стандарттарга жооп бере тургандыгы  тастыкталды.

Жаңы аба каттамы транспорттук маанисинен тышкары туризмди да өнүктүрүүгө багытталган. Жай айларында ал Ысык-Көл жана тоолуу аймактарга жетүүнү камсыздаса, кышында Кыргызстандын Каракол тоо лыжа курортторуна жол ачат. Жаңы аба коридору аймактагы авиациялык инфраструктуранын маанилүү элементи болуп, Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгына кошумча дем берет.

https://economist.kg/transport/2025/09/16/kyrghyzstan-i-kazakhstan-otkroiut-novuiu-vozdushnuiu-trassu-almaty-karakol-chieriez-santash/