18.09.25
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев “Кыргыз-Түрк” бизнес-форумунда эки өлкөнүн ортосундагы бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кыйла өсүп жатканын билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин ишенимдүү мамилелери ишкердикке ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө.
Темир Сариев: “Бүгүн Кыргызстандын премьер-министр Адылбек Касымалиев жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Негизги максат соода жүгүртүүнү $5 миллиард долларга жеткирүү. Салыштырмалуу айтсам: 2012-жылы мен Экономика министри болуп турганда, биз $1 миллиард доллар болот деп пландаганбыз”, - деп белгилеп өттү.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси келечекте соода жүгүртүүнү $10 миллиард деңгээлине жеткирүү ниетин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 2025-жылы 2 трилион сомго жетерин, ал эми өлкөнүн бюджети 1 трилион сомдон ашарын айтты.
Темир Сариев Кыргызстанда бардык тармактар тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, эл аралык аренада атаандаштык маанилүү экенин кошумчалап келип: “Кытайдан артта калган жокпуз, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү активдүү өнүктүрүп жатабыз”-деп белгилеп өттү.