19.09.25

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-Түрк ишкер форумунда сүйлөгөн Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы жана Президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев, 2022–2025-жылдар аралыгында Түркиядан Кыргызстандын экономикасына 1 миллиард 449 миллион доллар өлчөмүндө түз инвестиция тартылганын билдирди.

Бишкектеги Президенттик Конгресс борборунда өткөн форум, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев төрагалык кылган Кыргызстан–Түркия өкмөттөр аралык  Экономикалык комиссиясынын (ӨЭК) 12-жыйынынын алкагында уюштурулду.

Касымалиев өз сөзүндө кыргыз жана түрк элдери бир тууган экенин белгилеп келип: «Бизди тил, маданият жана руханий байланышыбыз жакындатат. Түрк досторубуз жана конокторубуз, Теңир-Тоонун этегине кош келиңиздер»-деп белгилеп өттү.

Түркия эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн катарында

Касымалиев, Түркия Кыргызстандын экономикасына эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн бири экенин айтып: “2022–2025-жылдар аралыгында Түркиядан Кыргызстанга 1 миллиард 449 миллион доллар түз инвестиция келди. Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүсү 2 миллиард 300 миллион доллардан ашты”- деп билдирди.

Ал Кыргызстанда иштеген түрк капиталы бар компаниялардын саны 3 миңге жакындаганын, бул ишканалар кыргызстандыктарды туруктуу жумуш орундары менен камсыздап жатканын белгиледи.

Кыргыз-Түрк “Манас университети – келечекке салынган инвестиция”

Касымалиев Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы билим берүү, илим, маданият, медицина, социалдык жана гуманитардык тармактарда да өнүгүп жатканын белгиледи.

Айрыкча билим берүү жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушарын белгилеп: «Кыргызстан–Түркия Манас университети бүгүн дүйнөлүк деңгээлде таанылган университетке айланды. 30 жыл ичинде 14 миң 250 бүтүрүүчү даярдады. Алар бүгүн 43 өлкөдө эмгектенишет. Бул жөн гана инвестиция эмес, келечекке кошулган чоң салым”, – деди.

Ошондой эле ал Түркия “Маариф” фонду ачкан заманбап мектептерди жана Юнус Эмре институтунун ишмердигин эки элдин интеллектуалдык жана руханий кызматташтыгынын көрсөткүчү катары баалады.

Ал эми Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (TİKA) билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба жана инфраструктура сыяктуу көп тармакта жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырып, “кызматташтыктын эң ийгиликтүү үлгүсүн” жаратканын кошумчалады.

“Түркия – биздин стратегиялык өнүгүү өнөктөшүбүз”

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүп жатканын айткан Касымалиев, 2025-жылга карата ички дүң продукт 11% пайызга көбөйгөнүн жана быйылкы жылдын алгачкы 8 айында улуттук бюджеттин кирешеси 1 триллион сомдон ашканын билдирди.

Ал мындай жетишкендиктер бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, ар тараптуу реформалар жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасы экенин айтып: “Административдик тоскоолдуктар азайтылды, бюрократия жөнөкөйлөтүлдү. Мамлекеттик кызматтар санариптештирилди. Салык жана бажы системалары жеңилдетилди. Инвесторлордун укуктук коргоосуна артыкчылык берилди”, – деди.

Касымалиев Түркияны стратегиялык өнүгүү өнөктөшү деп атап: «Өлкөбүз жеңил өнөр жай, айыл чарба жана азык-түлүк кайра иштетүү, энергетика, транспорт жана логистика, туризм, тоо-кен, курулуш, маалыматтык технологиялар жана санариптик экономика тармактарында чоң потенциалга ээ. Бул тармактарда Түркия менен биргелешкен долбоорлорго даярбыз”, – деди.

Ал мындан тышкары Кыргызстан санариптештирүү, исламдык каржылоо, халал азык-түлүк, киберкоопсуздук жана билим берүү тармактарында да Түркия менен кызматташууга даяр экенин билдирип, Түркияда окуп жаткан жүздөгөн кыргыз студенттери эки өлкөнүн ортосундагы бекем көпүрө болуп жатканын белгиледи.

Касымалиев түрк ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырып, халал азыктар менен катар туризм тармагындагы лыжа базаларына, жаңы шаарларды куруу жана санариптик долбоорлорго да ачык экенин кошумчалады.

https://analizgazetesi.com.tr/haber/biskekte-kirgiz-turk-is-forumu-gerceklestirildi-5313/