18.09.25

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын жана уюмдун вице-президентин кабыл алды. Жолугушуу Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өкмөт башчыларынын жана вице-президенттин жыйынынын алкагында болду. Бул тууралуу, Мамлекет башчысынын администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) түзүлгөндөн тартып уюм олуттуу жолду басып өтүп, ийгиликтүү өнүгүп келе жатат.

Садыр Жапаров: “Эгерде биз уюмдун мындан аркы өнүгүүсүн камсыз кылгыбыз келсе, анда чыныгы жыйынтыктарды алып келе турган так кадамдарды жасоо зарыл. Саясий эрк жана колдоо менен бекемделген практикалык чаралар биздин уюмдун эл аралык аренадагы аброюн мындан ары дагы чыңдоого өбөлгө түзөт”, – деп баса белгиледи президент.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, Түрк инвестициялык фондунун экономикалык интеграциянын негизги куралы катары маанисин өзгөчө белгиледи. Ошондой эле анын ишмердүүлүгүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Делегация башчылары көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдиришип, кыргыз тараптын демилгесин жогору баалашты. Алар бул жолугушууну мамлекет башчылары койгон милдеттерди ишке ашырууга арналган маанилүү аянтча катары белгилешти.

Ошондой эле мындай байланыштар, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ)   өнүгүүсүнө жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн, Кыргызстан ийгиликтүү төрагалык кылып жатканын баса белгилешти жана жетишилген макулдашуулар өлкөлөр ортосундагы практикалык кызматташууга жаңы дем берерине ишеним артышты.

https://economist.kg/vlast/2025/09/18/sadyr-zhaparov-prinial-ghlav-pravitielstv-ghosudarstv-chlienov-otg-o-chiem-ghovorili/