06.10.25
Анкарадан Кыргызстанга келген инвестициялар 1,4 миллиард доллардан ашты
Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарындагы Түркиядан келген инвестициялардын көлөмү 1,4 миллиард доллардан ашкан. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем катышкан иш чарасы учурунда белгилүү болду.
Кыргызстандык экономист эксперт Искендер Шаршеев “Vesti.kg” маалымат кызматына берген маегинде:. “Инвестициялардын так суммасын баалоо кыйын, анткени акыркы 20 жылда инфляция кескин өстү. Абсолюттук мааниде сумма башкача болушу мүмкүн. Бизде Улуттук статистика комитетинин, Дүйнөлүк банктын жана башка уюмдардын расмий маалыматы бар”, — деп билдирди.
Ал Түркиянын бир туугандык колдоосу Кыргызстанда ар дайым сезилип келгенин баса белгилеп келип: “Түркия Кыргызстанды көз карандысыздыгын эң биринчи куттуктаган өлкө болгон. Алгачкылардан болуп бизде эл аралык деңгээлдеги билим берүүнү сунуш кылган окуу жайларды ачышкан. Ошол билим берүү окуу жайларынан өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаңы муун тарбияланып чыкты. Биз Түркиядан инвестиция, билим, технология алдык. Түркиялык ишкерлер бизде алгач гипермаркеттердин модасын киргизишкен. Анын салымын баалабай коюу мүмкүн эмес”, — деп белгилеп өттү.
Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгынын келечеги да оптимисттик маанайда.
Бизде “Туран” аттуу долбоордун алкагында тарыхый, маданий жана башка орток байланышы бар мамлекеттерди бириктирген өлкөлөр коридору түзүлүп жатат. Ошондуктан экономикалык кызматташтык да уланат. Түркия, айтмакчы, бизге учкучсуз учуучу аппараттарды саткан. Бул биздин коопсуздукту бекемдеп, күчөттү. Ушунун өзү эле Түркиянын бизге болгон жылуу мамилесин көрсөтөт, деп билдирди.