07.10.25
7-октябрда, Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 12-саммитинде сөз сүйлөдү.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өз сөзүндө Садыр Жапаров бир жыл мурун Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) төрагалык кылуу ардактуу милдетин өз мойнуна алганын эске салды.
Садыр Жапаров: “Бул мезгил биздин өлкө үчүн маанилүү жана жооптуу учур болду. Бир жылдын ичинде биз биримдигибизди чыңдоого, кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жалпы максаттарыбызды илгерилетүүгө олуттуу салым кошууга аракет кылдык. Жалпысынан Кыргызстан төрагалык кылган мезгил ичинде 124 ашык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү”, — деп белгилеп өттү.
Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарындагы кызматташтык боюнча “Жол картасын” даярдаган. Ал мындан аркы экономикалык байланышты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле ал электрондук санарип колтамгаларды өз ара таануу боюнча макулдашуу түзүү демилгесин көтөргөнүн белгилеп, бул санарип документтерди укуктук жактан таанууга шарт түзөрүн айтты.
Маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо контекстинде Садыр Жапаров 2026-жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн билдирди. Ошондой эле Кыргызстан “Шанхай кызматташтык” уюмуна төрагалык кылар мезгилде бул оюндардын ачылыш аземи “Шанхай кызматташтык” уюмунун саммити менен бир убакта өткөрүлөрүн белгиледи. Ушуга байланыштуу президент делегация башчыларын бул иш-чараларга ардактуу конок катары катышууга чакырды.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) бардык мүчө мамлекеттерине Кыргызстанга төрагалык мезгилинде көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров: “Габала саммитинин жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан расмий түрдө төрагалыгын аяктап, эстафетаны боордош Азербайжанга өткөрөт. Азербайжандын төрагалыгы учурунда уюм прогрессивдүү өнүгүүнү улантып, эл аралык аренада өз аброюн чыңдап, түрк элдеринин жыргалчылыгы үчүн маанилүү жаңы демилгелерди ишке ашырат деп ишенем”, — деп белгилеп өттү.
Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өкүлдөрүн ушул жылдын 30-ноябрында Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.