13.10.25

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин маалыматына ылайык, 8-октябрда агенттиктин төрага орун басары Дамир Бикулов курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, иштердин жүрүшү менен таанышып, долбоордун кийинки этаптарын талкуулады.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, долбоор белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөрүнө ишенимин билдиришти.
17,2 гектар аянтта курулуп жаткан мейманкана жалпы 29 900 чарчы метр жабык аянтты ээлейт. Жети кабаттуу имаратта 120 ашык номер, бассейн, хамам, барлар, аквапарк, боулинг залы жана эл аралык стандарттагы футбол талаасы болот. Долбоордо жергиликтүү кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Кызматкерлер Азербайжанда эл аралык кызмат көрсөтүү стандарттарына ылайык окутулат. Курулуш мезгилинде болжол менен 200 адам жумушка тартылган. Мейманкананын курулушу 2026-жылдын экинчи чейрегинде аякташы күтүлүүдө.

https://turanews.kz/tr/news/kirgizistan-ve-azerbaycan-issik-gol-kiyisinda-bes-yildizli-otel-insa-ediyor/