13.11.25

Казакстандын Астана шаарында өткөн, Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки тараптуу сооданын динамикасы тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Кыргызстандын Казакстан менен биргелешип ишке ашыруу үчүн сунуштап жаткан долбоорлорго токтолуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы  билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын тогуз айында, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 1,7 миллрд долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 15% пайызга көбөйгөн. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында, Казакстан Кыргызстандын экономикасына 64 миллион доллар өлчөмүндө түз инвестиция салган.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, эки өлкөнүн соода, өнөржай кооперациясы, энергетика жана агроөнөржай комплекси тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргызстан тараптын негизги сунуштарынын арасында чек ара аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплекс түзүү жана Казакстандын Алма-Ата облусунда айыл чарба продукциясын сактоого багытталган айыл чарба продукцияларын сактоо үчүн дүң бөлүштүрүү борбору куруу бар. Анын айтымында, бул долбоорлор туруктуу жеткирүүлөрдү камсыз кылып, айыл чарба тармагындагы кооперацияны бекемдейт.

Ошондой эле ал “Кичи-Капка — Бесагач”, “Ак-Тилек — Карасу”, “Каркыра — Кеген” өткөрмө бекеттеринин реконструкциясы аяктаганын жана “Төмөнкү Чүй — Ак-Суу” пункту кайра иштей баштаганын билдирди. Инфраструктуранын жакшыртылышы товар алмашууну тездетип, логистиканын натыйжалуулугун жогорулатат деп баалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2030-жылга карата товар жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүү ниетин тастыкташты. Буга чейин, Казакстан өкмөтү сегиз айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жана Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 1,4 миллиард долларды түзүп, 21% пайызга өскөнүн маалымдаган.

https://economist.kg/ekonomika/2025/11/13/vzaimnaia-torghovlia-miezhdu-kyrghyzstanom-i-rk-vyrosla-na-15-do-1-7-mlrd-kasymaliiev/