16.11.25

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциясын тереңдетүү багытындагы бир катар кадамдарды сунуштады. Бул тууралуу ал Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Жетинчи Консультативдик жолугушуусундагы сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстандын экономикасына тартылган түз чет элдик инвестициялардын көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 15% пайызга көбөйүп, 135 миллион долларга жеткен. Акыркы үч жылда, Кыргызстан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 28% пайга өскөн.

Быйылкы жылдын январь–август айларында, Кыргызстан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара товар жүгүртүүсү 1 миллиард 700 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14% пайызга көбөйгөнүн президент белгиледи.

Реалдуу интеграцияны мындан ары тереңдетүү үчүн ал үч негизги багытка көңүл бурууну сунуштады:

Биринчи: өз ара соодадагы тоскоолдуктарды активдүү түрдө жоюу, стандарттар менен техникалык регламенттерди шайкеш келтирүү.

Экинчи: чийки заттык моделден алыстап, кайра иштетүү өнөр жайын жана жаңы индустриалдык кластерлерди түзүү аркылуу биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды өнүктүрүү.

Үчүнчү: санариптешүүнү өнүгүүнүн дем берүүчү фактору катары колдонуу. Электрондук коммерциядан тартып, маалымат алмашууга жана киберкоопсуздукту бекемдөөгө багытталган чек ара аралык платформаларды түзүүгө чейин.

Ошондой эле Садыр Жапаров аймактагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Садыр Жапаров: “Стратегиялык маанидеги “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу өлкөлөрүбүздү жөн гана байланыштырбастан, логистиканы түп-тамырынан өзгөртүп, Азия менен Европанын ири рынокторуна эң кыска жолду ачып берет. Бул контекстте Зангезур коридорунун курулушу “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун логикалык жана стратегиялык уландысы болуп саналат”, — деп белгилеп өттү.

https://vesti.kg/politika/item/145694-sadyr-zhaparov-predlozhil-shagi-dlya-ekonomicheskoj-integratsii-tsentralnoj-azii.html