20.11.25
Кыргызстандын Экономика министри Бакыт Сыдыков Бишкекте өткөн Борбордук Азия Аймактык экономикалык кызматташтык бизнес-форумунун алкагында, Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана аларды тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун негизги темасы эки өлкө жетекчилери тарабынан коюлган стратегиялык милдет өз ара товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга чейин көбөйтүү болду. Министрлер бул көрсөткүчкө жетүү механизмдери боюнча пикир алмашып, ошондой эле инвестициялык өнөктөштүктү колдоого багытталган алдыдагы биргелешкен иш-чараларга даярдыкты талкуулашты. Жолугушууда жогорку потенциалга ээ өнөр жай, энергетика, айыл чарба жана транспорттук логистика тармактарындагы келечектүү долбоорлор талкууланды.


