09.12.25

Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Айыл чарба министри Бакыт Торобаев Азербайжандын “Азеркосмос” космостук агенттигине барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда “Азеркосмос” Агенттиктигинин директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Дунай Батырханов менен космостук технологиялар, спутник байланыш жана санариптик чечимдер жаатындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кыргыз тарап байланыш муктаждыктары, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, айыл чарбасына мониторинг жүргүзүү жана экологиялык көзөмөл үчүн Азербайжан спутниктеринин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди. Белгиленгендей, заманбап спутникттик маалыматтарга жеткиликтүүлүк, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет.

Азербайжан тарап өзүнүн спутник системаларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн, аймактарга так мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик органдар менен жеке сектор үчүн комплекстүү санариптик кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн  сунуштады.

Иш сапардын жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга, консультацияларды жүргүзүүгө жана Кыргызстан үчүн маанилүү тармактарга спутникттик кызматтары менен технологияларды киргизүүгө багытталган конкреттүү долбоорлорду даярдоону макулдашышты.

https://economist.kg/vlast/2025/12/09/bakyt-torobaiev-obsudil-s-azierkosmosom-ispolzovaniie-sputnikov-dlia-nuzhd-kyrghyzstana/