10.12.25
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Бакыт Торобаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстанга мунай-май продуктыларын жеткирүү жана эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Азербайжандын Мамлекеттик “SOCAR” мунай компаниясынын вице-президенти Анар Мамедов менен болгон жолугушууда, тараптар Кыргызстанга мунай продуктыларын жеткирүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындан тышкары энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүш процесстерин санариптештирүү жана мунайды кайра иштетүүдө экологиялык стандарттарды киргизүү боюнча кызматташуу маселелерин да талкуулашты.
Мындан сырткары, Кыргызстандын делегациясы Гейдар Алиев атындагы мунайды кайра иштетүү заводуна барып, өндүрүштү модернизациялоо жана мунайды терең кайра иштетүү боюнча долбоорлор менен таанышты.
Сапардын алкагында Бакыт Торобаев “Баку кеме куруу” заводунун башкармалыгынын төрагасы Руслан Талыбов менен да жолугушту. Завод Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунун маршруттарын тейлөө үчүн паромдорду жана башка кемелерди куруу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады. Каспийде кыргыз паромдорун колдонуп жүк ташуу линиясын тейлөө жана экспорт-импорт логистикасын туруктуу кылуу перспективалары талкууланды.
Тараптардын баамында, мындай кызматташтык Кыргызстандын транспорттук маршруттарын диверсификациялоого, жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууга жана кыргыз бизнесинин тышкы рыноктогу позициясын күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет.


