12.12.25
Кыргызстан жана Түркиянын Энергетика министрлери Стамбул шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты кеңейтүү жана ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги маалымат берди.
Көрүшмөнүн жүрүшүндө өнөктөштүктүн негизги багыттары каралып, анын ичинде Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттер тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбор Азия – Азербайжан (Каспий) жашыл энергетика коридору” демилгесине Кыргызстандын катышуусу талкууланды.
Ошондой эле Кыргызстанда технологиялар жана жашыл демилгелер боюнча регионалдык борбор түзүү пландары, жалпы кубаттуулугу 1305 МВт энергияны түзгөн жана жылына 3,317 миллиард кВт·саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ “Суусамыр–Көкөмерен” жана “Казарман” гидроэлектр станцияларын (ГЭС) куруунун долбоорлорун илгерилетүү маселелери каралды.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда жашыл энергия булактары гидроэнергетика, күн, шамал жана биоэнергетика тармагында чоң потенциал бар экенин белгиледи. Ошондой эле ал кыргыз көмүрүнүн сапатына токтолуп, Түркияга көмүр тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.
Түркиянын Энергетика минстри Алпарслан Байрактар бул багыттарды изилдөөгө кызыкдар экенин билдирип, буга чейин кыргыз көмүрүнүн жогорку сапаты тууралуу маалыматы болбогонун билдирди. Ал логистика атаандаштыкка жөндөмдүү жана экономикалык жактан натыйжалуу болгон шартта, Түркия кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр экенин айтты.


