12.12.25
Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев 10-декабрда иш сапары менен Стамбул шаарына барып, Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин бешинчи жыйынына катышты.
Иш-чарага аталган уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин министрлери жана жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышты. Көрүшмөнүн жүрүшүндө энергетика тармагынын актуалдуу маселелери, кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) алкагында тармакты өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди чыңдоо жолдору талкууланды.
Жыйын энергетикалык саясат боюнча диалогду тереңдетүү, өз ара аракеттенүүнүн багыттарын кеңейтүү жана аймактын туруктуу жана коопсуз энергетикалык келечегине өбөлгө түзгөн долбоорлорду илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болду.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө, Таалайбек Ибраев Кыргызстандын Түрк мамлекеттеринин энергетикалык кызматташтыгына катышуусу бүткүл аймактын узак мөөнөттүү туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзгөн стратегиялык артыкчылык экенин белгиледи. Ал энергетикалык коопсуздук, энергосистемалардын туруктуулугу, экологиялык жактан таза технологияларды киргизүү жана климаттык тобокелдиктердин алдын алуу маселелеринин маанилүүлүгүнө токтолду.
Кыргызстандын Энергетика минстринин айтымында, түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү кайра жаралуучу жашыл энергетика жаатында гидроэнергетика, күн, шамал жана биоэнергетика тармактарында олуттуу потенциалга ээ.
Министр Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин энергетика министрликтеринин ортосундагы стратегиялык кызматташтык тез арада бекемделип жатканын белгилеп, бир туугандык сезимдер жана өз ара колдоонун деми менен жаңы перспективалар ачылып жатканын белгилеп өттү.


