18.12.25
Стамбул шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугунун колдоосу менен “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын жетекчилиги менен Түркиянын “Turkish Airlines” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Билал Экши ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Түркия тарабы Кыргызстандын мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы менен кызматташууга даяр экенин жана жүк жана жүргүнчү каттамдарынын санын көбөйтүү пландары бар экенин маалымдады.
Манасбек Самидиновдун айтымында, “Turkish Airlines” компаниясы эл аралык “Манас” аэропортунда техникалык токтоолор менен аткарылуучу каттамдарды эске алуу менен учуулардын санын арттыруу ниетин билдирди. Бул өлкөнүн башкы аэропортунун транзиттик жана жүк потенциалын күчөтүп, авиакаттамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейишине шарт түзөт.
Жолугушууда Билал Экши Кыргызстан менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле кыргыз тарап аны 2026-жылдын жай айларына пландалган эл аралык “Манас” аэропортунун жаңыланган аэровокзал комплексинин ачылыш аземине чакырды.


