18.09.20

Өзбекстан Түштүк Корея менен жогорку технологиялуу онкологиялык борбор курат.

21.09.20

Өзбекстан январь жана август айларынын ичинде 5,8 миллиард долларга бааланган алтын экспорттогон.

18.09.20

Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддинович Аслов 2020-жылдын 17-сентябрь күнү, Афганистандын Тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмарды кабыл алды. Жолугушуунун негизги маселеси эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланышты өнүктүрүү болду. Тараптар өзгөчө Пяндж (эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан) дарыясына темир жол көпүрөсүн курууну талкуулашты. Бул тууралуу,  Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

20.09.20

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Пакистандын президенти Ариф Алви менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, жакынкы убактарда Пакистандын аймагында “ТАПИ” газ куурунун курулушу баштала тургандыгына ишенээрин билдирди. Бул тууралуу, Түркмөнстандын мамлекеттик “Interfax”  кабар агенттиги жазып чыкты.

17.09.20

Өзбекстандын жана Казакстандын авиакомпанияларынын өкүлдөрү, Үргөнч (Өзбекстан) жана Актау (Казакстан) шаарларынын ортосунда регулярдуу аба каттамдарын  ачуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу «Дунё» маалымат агенттиги билдирди.

17.09.20

Түркия Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берет. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө.

15.09.20

Түштүк Кореялык “Kia Motors Corporation” автомобиль куруучу компаниясы, Өзбекстанда жаңы үлгүдөгү автоунааларын чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу, компаниянын официалдуу сайтында жарыяланган. 2020-жылдын ноябрь айында, Жызак облусунда жайгашкан “ADM-Jizzakh” машина заводунда,  бизнес-классындагы  “Kia K5”  жеңил унаа жана “Kia Seltos” үлгүсүндөгү жол тандабас автоунаалардын алгачкы ирет өндүрүлүп чыгуусу күтүлүүдө.

15.09.20

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Маминдин жетекчилиги астында, “Өлкөнү 2020-2025-жылдарга карата индустриялаштыруу жана инновациялык өнүктүрүү” программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун аткарылышы тууралуу жыйын болуп өттү.

11.09.20

Өзбекстанда “Nike” жана “Adidas” бренддеринин бут кийимдерин өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу «Узчармсаноат» бирикмесинин төрагасы Фахриддин Бобоев Review.uz басылмасына берген маегинде билдирди.

09.09.20

Түркмөнстанга Казакстан аркылуу транзиттик маршрут менен Кытайдан алгачкы ирет, жүк ташыган поезд келип жетти. Бул тууралуу “Туркменпортал” маалымат агенттигине “Түркмөнстан Транспорт-логистикалык борбору” акционердик коомунан билдиришкен.