- Подробности
18.04.20
Түркия Казакстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн жарым тоннага жакын өлчөмдөгү дары-дармектерди гуманитардык жардам катары жиберди. Түркиянын Түрк аба жолдору (THY) авиакомпаниясына караштуу “Turkish Cargo” фирмасына тиешелүү учак, Алматы шаарынын аба майданына келип конгондугун “NUR.KZ” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
15.04.20
Түркия жана Кыргызстан ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишим 2018-жылдын 9-апрель күнү, президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий сапары учурунда кол коюлган. Түркиянын парламентинин ратификациясынан өткөн келишимге, 2020-жылдын 7-апрель күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койду.
- Подробности
14.04.20
Европа Биримдиги (ЕБ) Тажикстанга коронавирус (COVID-19) илдетине каршы (азырынча өлкөдө официалдуу түрдө бул илдет каттала элек) күрөшүү үчүн €48 миллион евро бөлүүгө ниеттенип жатат деп билдирет "Азия Плюс" маалымат агенттиги.
- Подробности
10.04.20
Түркиянын “Anadolu Ajansı” маалымат агенттиги тараткан маалыматта, 2020-жылдын 10-апрель күнү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйыны, видео-конференция форматында өткөрүлүп "Коронавирус (COVID-19) пандемиясынын таралышын алдын алуу үчүн консолидация жана кызматташуу" темасынын алкагында болуп өттү.
- Подробности
13.04.20
Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТİКА) Кыргызстандагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамын көрсөттү.
- Подробности
14.04.20
Өзбекстандын Каржы министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк банк (ДБ) менен биргеликте өлкөдө коронавирус (COVID-19) инфекциясын тез арада токтотуунун долбоорун сунушташты деп билдирет, Өзбекстан Республикасынын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы.
- Подробности
13.04.20
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жума күнү, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйынында сүйлөп жатып: «Казакстан боордош мамлекеттердин жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтөт. Коңшу өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз Кыргызстанга жана Тажикстанга 5000 тоннадан ун жардам ирээтинде жөнөттүк» деп билдирди.
- Подробности
12.04.20
Кыргызстан короновирус илдетинен улам жабыр тарткан өлкөдөгү ишкерлерге 14 миллиард сом өлчөмүндө насыялык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу, жекшемби күнү маалымат брифинг учурунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.
- Подробности
10.04.20
Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча курулуп жаткан жаңы клиникалар үчүн медициналык жабдууларды тез арада сатып алууну каржылоого $17 миллион доллар бөлүп берет.
- Подробности
07.04.20
Казакстан Республикасынын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев өкмөттүн кезектеги өткөргөн жыйынында, айыл чарбасынын суугат тармагынын инфраструктурасын модернизациялоо жана кеңейтүү үчүн жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу, Kazpravda.kz маалымат агенттиги жазып чыкты.












