28.04.19.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушуу Пекинде өткөн "Бир алкак - Бир жол" жогорку даражадагы экинчи  эл аралык кызматташуу боюнча форум алкагында  өттү.

27.04.19.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Хуаңхай – Борбордук Азия – Европа маршурту боюнча темир жол жүк ташууларына бажы салыгын киргизүүнү сунуштады.

25.04.2019.

Россиялык “Лукойл” компаниясы учурда иштеп жаткан долбоорлорду өнүктүрүү үчүн дагы 2 миллиард доллар инвестиция жасоону пландап жатат.

22-апрель күнү GM Uzbekistan ишканасы, Кыргызстанга автоунаа экспорттоону  баштаганын билдирди.

2018-жылы Кыргызстанга келген 7 миллион туристин ичинен 3,28 миллионун Өзбекстандын жарандары түзгөн.

22.04.19.

Түркмөнстандын мамлекеттик соода-чийки зат биржасындагы аукциондо бир жумада 80 миллион 95 миң доллар суммасында 81 келишим түзүлдү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Корея Республикасынын президенти Мун Чже Ин Нур-Султан шаарында 22-апрель күнү  кеңейтилген курамда официалдуу көрүшмөсүн өткөрүштү.

19-апрелде Стамбул шаарында, Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия өлкөлөрү арасында, энергетикалык кызматташуу боюнча үч тараптуу жолугушуу болуп өттү.

19-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык өнөктөштүк боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул жөнүндө мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы 15-16-апрель күндөрү Германияга иш сапары менен барды.