- Подробности
30.09.22
Президент Садыр Жапаров 29-сентябрь күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан-Түркия кызматташтыгынын ар кыл багыттары боюнча кеңири талкуулашып, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.
- Подробности
28.09.22
Кыргызстанга 2021-жылы 1,3 миллион турист келген, бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 2,9 эсеге көпттүк кылат. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.
- Подробности
27.09.22
Казакстанда 2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 23,4 миллион гектарды түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 387,1 миң гектарга көпттүк кылат. Дан эгиндеринин аянты быйыл 16,1 миллион гектарды түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында, Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеев билдирди.
- Подробности
27.09.22
Өзбекстан жана Казакстан жакынкы убакта, Эл аралык өнөр жай кооперациясын түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
26.09.22
Кыргызстан жана Түштүк Корея электромобилдерди жана жеңил жүк ташуучу унааларды чыгаруучу биргелешкен ишкана ачууга кызыкдар.
- Подробности
24.09.22
Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин өкүлдөрү шейшемби күнү, Ташкент шаарында Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиянын (ЭСКАТО) делегациясы менен жолугушту.
- Подробности
22.09.22
2022-жылдын алгачкы жети айында, Кыргызстанга 3,8 миллион турист келген, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Бул тууралуу, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) баяндамасында айтылат.
- Подробности
21.09.22
Шейшемби күнү Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Пакистандын Мамлекеттик мунай министри Мусадик Масуд Малик өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (ТАПИ) газ куурун куруу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.
- Подробности
20.09.22
2022-жылдын январь-август айларында, Өзбекстандын Түркмөнстан менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 533,5 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7% пайызга өскөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин шейшемби күнү жарыяланган отчетунда айтылат.
- Подробности
19.09.22
Кытайдан 19-сентябрдан баштап “Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратан” (Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Афганистан) жаңы транзиттик каттамы боюнча, контейнердик поезд менен пилоттук товар ташуу башталды. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.