- Подробности
25.02.22
Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаев, Индиянын Казакстандагы элчиси Шубдаршини Трипати менен жолугушту. Көрүшмө учурунда, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Казакстан-Индия өкмөттөр аралык комиссиянын XIV отурумунун күн тартиби талкууланды. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
25.02.22
Өзбекстандын Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын Бируни районунда, шамал электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
26.02.22
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-февраль күнү, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
24.02.22
Өзбекстандын Түркмөнстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын биринчи айында 26,3 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.
- Подробности
21.02.22
2021-жылы Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 101,5 миллиард доллардан ашты. Анын ичинен экспорт 60,3 миллиард доллар, импорт 41,1 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борборунун кабарчысы Улуттук статистика бюросунун маалыматына таянуу менен билдирди.
- Подробности
23.02.22
Ташкент шаарында жаратылыш булактарынан энергияны алуу боюнча, Улуттук илим-изилдөө институтунун курамында суутек энергиясын илимий-изилдөө борбору түзүлгөн. Борбордо водороддук энергиянын технологияларын сыноо жана сертификациялоо лабораториясы иштеп, бир катар тематикалык илимий изилдөөлөр жасалып жатат.
- Подробности
15.02.22
Президент Садыр Жапаров 15-февраль күнү Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында, биринчи ата мекендик автобусту чогулткан ишканага барды. Бул тууралуу, мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
22.02.22
Тегеран шаарында Өзбекстан-Иран бизнес-форуму өтүп, ага эки өлкөнүн мамлекеттик жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Өзбекстандын делегациясын вице-премьер-министр, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жетектеди. Иран тараптан экономикалык маселелер боюнча вице-президент Мохсен Резай Миргаед катышты.
- Подробности
16.02.22
Казакстандын Алматы облусунда жалпы аянты 200 миң чарчы метрди түзгөн А+ классындагы автоматташтырылган логистикалык хаб курулат. Жаңы долбоор өлкөдө эң ири хаб болуп калмакчы. Бул тууралуу, “Kapital.kz” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
17.02.22
Өзбекстандын “Узавтосаноат” компаниясы бир күн мурун Кытайдын “BYD” электромобилдерин өндүрүүчү ири компаниясы менен меморандумга кол койгон. Бул тууралуу, “Узавтосаноат” компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын экономика боюнча орун басары Азизбек Шүкүров билдирди.