22.12.25
Өзбекстан менен Түркиянын энергетикалык кызматташуусу реформалардын жүрүшүндө жана жеке инвестицияларды тартуунун алкагында активдүү өнүгүп жатат. Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов билдиргендей, түрк компаниялары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун ишке ашырууда өлкөнүн алгачкы өнөктөштөрүнүн бири болуп, айрыкча электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү тармактарында активдүү катышууда.
Түрк бизнеси Өзбекстандын энергетика тармагынын бардык сегменттерине генерациядан тартып инфраструктуралык долбоорлорго чейин катышып келет. Самарканд облусунда электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча алгачкы МЖӨ долбоору ишке ашырылса, Ташкент шаарында когенерациялык технологияларды колдонуу менен борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо тармагында пилоттук долбоорлор ишке киргизилди.
Кызматташуу регионалдык жана аймактар аралык интеграция багытына да жылып жатат. Өзбекстан Казакстан жана Азербайжан менен биргеликте кайра жаралуучу энергия булактарынан алынган электр энергиясын өткөрүү үчүн “жашыл коридор” долбоорун иштеп чыгууда, бул демилгеге Түркия да кызыгуусун билдирүүдө.
Министрдин айтымында, Түркия менен өнөктөштүк өз ара пайда принциптерине негизделип, саясий деңгээлде колдоого алынууда. Бул болсо жогорку кошумча наркка ээ болгон биргелешкен өндүрүштүк жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


