09.01.26
2026-жылдын 9-январында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Түркиялык “Anadolu Isuzu” компаниясынын башкы директору Юсуф Тугрул Арикан менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо, локалдаштыруу жана технологияларды трансферлөө маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл 2025-жылдын декабрында Түркиялык инвестор тарабынан акцияларынын 75,2% пайызы сатылып алынган, Самарканд автомобиль заводун этап-этабы менен өнүктүрүүгө бурулду. Айыл чарба техникаларынын жаңы түрлөрүн жана атайын автотранспортту өндүрүүнү ишке киргизүү жана продукциянын чыгарылышынын көлөмүн көбөйтүү боюнча пландар талкууланды. Өндүрүлгөн техникалар, Өзбекстандын ички рыногуна жана башка мамлекеттерге экспорттоого да багытталары белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана автомобиль тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин белгилешти.
Эскерте кетсек 2025-жылдын декабрь айында, Өзбекстандын Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги Самарканд автомобиль заводунун (SamAuto) уставдык капиталынын мамлекетке тиешелүү 75,2% пайыз үлүшүн Түркиялык “Anadolu Isuzu” компаниясына сатуу боюнча бүтүмдүн аяктаганын жарыялаган.


