15.01.26
Өзбекстан мамлекеттик чек араны коргоо максатында, Түркия өндүрүшүнөн чыгарылган чабуулчу-иликтөөчү Bayraktar учкучсуз учуучу аппараттарын колдонуп баштады. Бул тууралуу өлкө президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген жыйынында Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Баходир Курбанов билдирди.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны 2026-жылдын 13-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өттү. Жыйында сөз сүйлөгөн Курбанов өлкөнүн чек ара тилкелеринде Bayraktar учкучсуз учуучу аппараттары менен жабдылган жаңы атайын бөлүк уюштурулгандыгын билдирди.
Жарыяланган видеоматериалдарга караганда, сөз Bayraktar TB2 дрондорун колдонуу жөнүндө болууда. Бул орто бийиктикте учуучу, оперативдик-тактикалык багыттагы Түркиянын чабуулчу учкучсуз аппараты болуп саналат. Ал ички күйүүчү кыймылдаткыч жана түртмө аба винти менен жабдылган. Аппарат төрт даана башкарылуучу ок-дарыны алып жүрө алат жана абада 12ден 24 саатка чейин калып, узак мөөнөттүү патрулдоону камсыздайт.
Bayraktar TB2нин максималдуу башкаруу аралыгы 150 чакырымга чейин жетет, бул абада туруктуу нөөмөт жүргүзүүгө жана аныкталган максаттарга ыкчам сокку урууга мүмкүндүк берет. Мындай учкучсуз аппараттарды колдонуу учкуч башкарган авиацияга салыштырмалуу натыйжалуулугу жогору болуп саналат. Эскерте кетсек, Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппараттын иштеп чыгуучусу жана өндүрүүчүсү “Baykar Makina” аттуу Түркиялык компаниясы эсептелет.


