21.01.26
Өзбекстандын Коргоо министри Шухрат Халмухамедов менен Түркиянын Улуттук коргоо министри Яшар Гюлер Анкарада 2026-жылга карата аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстандын аскердик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуулар жабык форматта да, делегациялардын катышуусунда да өтүп, анда аймактык коопсуздук, коргонуу өнөр жайын өнүктүрүү, аскер кызматкерлерин даярдоо жана эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы иш-аракеттерди координациялоо маселелери талкууланды.
2026-жылга карата кызматташтык планына аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен машыгуулары, тажрыйба алмашуу жана аскердик медицинаны өнүктүрүү киргизилди. Келишимдер аскер дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатуу, аскер госпиталдарын башкарууну жана аскердик-медициналык технологияларды үйрөнүү, тренингдерди өткөрүү жана практикаларды алмашууну карайт. Өзбекстандын Коргоо министри Түркиянын тажрыйбасы армияны жаңылоого жана анын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жардам берерин белгиледи. Өз кезегинде Яшар Гюлер Өзбекстан менен болгон мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгып жатканын айтты.


