01.02.26

2026-жылдын 30-январында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Казакстандын Өзбекстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бейбут Атамкулов менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Эки тараптуу сооданын туруктуу оң динамикасы белгиленип, 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүүгө багытталган, Биргелешкен программанын алкагында товар жүгүртүүнү мындан ары да көбөйтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 4,97 миллиард долларды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 11,4% пайызга өскөн. Экспорт 1,55 миллиард долларга жетип, 1,2% пайызга көбөйсө, импорт 3,4  миллиард долларды түзүп, 16,6% пайызга өстү.

Өзгөчө көңүл 2026-жылы эки өлкөнүн аймактык башчыларынын кеңешинин биринчи жыйынын даярдоого, ошондой эле “Made in Uzbekistan” жана “Made in Kazakhstan” өнөр жай көргөзмөлөрүн уюштурууга бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө, инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө жана үзгүлтүксүз конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-kazakhstan-obsudili-rasshirenie-torgovli-i-investitsii-v-ramkakh-tseli-10-mlrd-k-2030-godu/