04.01.26
Өзбекстан жана Азербайжан эки өлкөнүн ишканалары жана бизнес чөйрөлөрү ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында 10 миллиард доллар көлөмүндөгү инвестициялык пакетти түзүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Азербайжандагы элчиси Бахром Ашрафханов “Report” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, инвестициялык пакетти түзүү менен катар өз ара соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлган. Элчи эки өлкөнүн кызматташуусу бекитилген жол картасынын алкагында өнүгүп жатканын жана кеңири багыттарды камтыганын белгиледи.
Кызматташтыкка тышкы саясат мекемелеринин ортосундагы үзгүлтүксүз консультациялар, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйындарына даярдык көрүү, ошондой эле бизнес-форумдар, аймактар аралык жолугушуулар, саламаттыкты сактоо тармагындагы консультациялар жана илимий коомчулуктун катышуусундагы иш-чаралар кирет.
Элчинин белгилешинче, экономикалык байланыштарды бекемдөөдө Ишкерлер кеңеши өзгөчө роль ойнойт. Ал эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды камсыздап, жаралган маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет. Кеңеш туруктуу негизде иш алып барып, анын ишине соода-өнөр жай палаталары жана ар кандай ишкерлер ассоциациялары катышат.
Бахром Ашрафхановдун айтымында, туруктуу бизнес байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Өзбекстан менен Азербайжандын экономикасын жандандырууда маанилүү кадам болуп, ишкерлерге ылдамыраак жана натыйжалуу иштөөгө шарт түзөт.


