12.03.26
2026-жылдын февраль айында Өзбекстан жаңылануучу жашыл энергия булактарынан электр энергиясын өндүрүү боюнча рекорд койду. Күн жана шамал электр станцияларынын жалпы өндүрүшү 815 миллион киловатт-саатка жетип, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 203% пайызга көп болду. “Podrobno.uz маалымат кызматынын билдиришинче, мындай кескин өсүш жаңы шамалдан жанан күндөн энергия алган станциялардын ишке киргизилиши жана иштеп жаткан станциялардын натыйжалуулугунун жогорулашы менен камсыздалды.
“Жашыл” энергия өндүрүүдө өлкө боюнча шамал электр станциялары алдыңкы орунду ээледи. Шамал станциялар 444 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрдү. Ал эми күндөн энергия алган фотоэлектр станциялары 371 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарган. Өткөн жылга салыштырмалуу, бир жыл мурда жалпы өлкө боюнча жашыл энергия булактарынан 401 миллион киловатт-саат энергия өндүрүлгөн. Ошол эле учурда шамал станциялары дээрлик үч эсе аз электр энергиясын өндүргөн.
Адистердин айтымында, жаңылануучу жашыл энергиянын үлүшүнүн өсүшү жылуулук электр станцияларына түшкөн жүктү азайтып, ошондой эле табигый газдын керектөөсүн кыскартууга мүмкүндүк берет.


