11.03.26

11-март күнү Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Түркиянын “Anadolu Group” холдингинин автоунаа багыты боюнча төрагасы Бора Кочак менен жолугушуу өткөрдү.

“Anadolu Group” холдинги Түркиянын Коджаэли шаарында жайгашкан заводунда жылына болжол менен 4 миң даана автобус жана жеңил жүк ташуучу унааларды чыгарат. Продукциясы 45 ашуун өлкөгө экспорттолот жана компания Түркиядагы мидибус экспорттоочуларынын эң ирилеринин бири болуп саналат. Мындан тышкары, “Anadolu Group” холдинги автобус жана жүк ташуучу унааларды өндүрүүчү “SamAuto” компаниясынын 75,2% пайыз үлүшүн сатып алган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө “SamAuto” компаниясынын учурдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана ишкананы мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Өзгөчө көңүл, кызматташтыкты кеңейтүүгө жана автоунаа өнөр жайындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.

Тараптар ошондой эле заводду модернизациялоо, өндүрүштүк кубаттуулуктарды көбөйтүү жана “SamAuto” зоводунун базасында жаңы продукция түрлөрүн чыгаруу боюнча пландарды талкуулашты.

Буга чейин, 2025-жылдын декабрь айында Өзбекстандын Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги, “Самарканд” автоунаа заводунун мамлекеттик үлүшүнүн 75,2% пайызын Түркиянын “Anadolu Isuzu” компаниясына сатуу процессин аяктагандыгын билдирген. Мындай кадам ишкананын ички рыноктогу жана экспорттук багыттардагы позициясын бекемдөөгө багытталган.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-anadolu-group-obsudili-razvitie-samauto/